Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:42
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улуттук банк чет элдик валютаны алмаштырып жаткан көмүскө рынок боюнча укук коргоо органдарына кайрылды

04.08.2022 14:05
1038
Улуттук банк чет элдик валютаны алмаштырып жаткан көмүскө рынок боюнча укук коргоо органдарына кайрылды

Улуттук банктан лицензия албастан чет элдик валютаны алмаштырып жаткан тараптарды аныктоо үчүн ИИМ жана Салык кызматы менен биргеликте рейддер жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.


Эске салсак, Кыргызстанда накталай валютаны алмаштырган көмүскө рынок пайда болду. Сатуу жана сатып алуу тууралуу маалыматтар мессенджерлерге тарап жатат.


Улуттук банктын маалыматына караганда, акыркы кезде накталай акчага болгон суроо-талап күч алууда. Мындай көрүнүш алгач Россиядан, андан соң Казакстандан капиталдын чыгарылышына чектөө киргизилгенден кийин пайда болгон. Накталай доллардын дефицити аймактагы башка мамлекеттерде дагы байкалууда.


Улуттук банк жетишсиздиктен улам банктарга, акча алмаштыруучу бюролорго жана микрофинансылык уюмдарга накталай долларды сыртка чыгарууга тыюу салганын эске салды. Мындан тышкары, банктарга бюролор менен акча алмаштырууга чектөө киргизилген. Бул чара валюталык спекуляция жана банктардын акча алмаштыруучу жайлары менен сүйлөшүп алып иш жасабашы үчүн көрүлдү.



"Азыркы абал көзөмөлгө алынбаган акча алмаштыруучу рыноктордун түзүлүп калышына ыңгайлуу учур болуп турат. Бирок Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, тийиштүү лицензиясы жок акча алмаштыруу эреже бузууга жатып, өлкөнүн мыйзамдары боюнча жоопкерчилик каралган", — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн