Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун курсун кармап туруш үчүн бүгүн, 24-февралда, 13 миллион 50 миң доллар сатты. Бул тууралуу башкы банктын сайтына жарыяланды.
Белгилей кетсек, бүгүн доллар 10 сомго жогорулап, 95 сомду түздү.
Улуттук банк валюта рыногунда олку-солку абалды жөнгө салып, сомду колдоо үчүн интервенция жасап турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн