Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Улуттук банк экономиканы колдоого 5 млрд сом жөнөтөт, - Абдыгулов

10.05.2020 18:13
1022
Улуттук банк экономиканы колдоого 5 млрд сом жөнөтөт, - Абдыгулов


Президенттин тапшырмасы боюнча жакынкы айларда Улуттук банк өлкөнүн экономикасын колдоого 5 млрд 250 млн сом жөнөтөт, деп белгиледи Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Анын айтымында, антикризистик пландын алкагында көрсөтүлгөн каражаттардын бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй болмокчу:

1 млрд сом айланма капиталга;
1,5 млрд сом айыл чарбасын каржылоого;
1 млрд сом микрокредиттик компанияларга;
750 млн сом (“Керемет Банк” аркылуу) орто жана чакан бизнести колдоого;
1 млрд сом Кепилдик фондунун уставдык фондун көбөйтүүгө.

Мындан тышкары, Т.Абдыгулов өзгөчө абал учурунда банк системасынын 7 миӊ кызматкери күн сайын жумушка чыкканын, мындан улам төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштеши камсыздалып, кыргызстандыктарга бардык пенсиялар жана жөлөк пулдар убагында жеткирилип атканын кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн