Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Улуттук банк эсептик чен өлчөмдү 13%га түшүрдү

29.11.2022 11:25
790
Улуттук банк эсептик чен өлчөмдү 13%га түшүрдү

Улуттук банк башкармалыгы 28-ноябрда эсептик ченди 13%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын атайын өкүлү Аида Карабаева билдирди.


Анын айтымында, бул чечим бүгүндөн тарта күчүнө кирет.


“Мындай чечимди кабыл алууда тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттары эске алынды. 2022-жылдын 18-ноябрына карата маалымат боюнча жылдык инфляция октябрь айындагы 15,4 пайыздан төмөндөө менен 14,5% пайызды түзгөн. Учурда Кыргызстанда инфляция төмөндөө тенденцияны көрсөтүүдө”, - деди ал.


Маалымат жыйынында КР Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки отуруму 2023-жылдын 30-январында өтөрү белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн