Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,50 пайызга чейин жогорулатты

27.07.2021 10:51
1594
Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,50 пайызга чейин жогорулатты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 26-июлунда эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунктка 7,50 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.


КР УБнын расмий сайтында маалымдалгандай, чечим 2021-жылдын 27-июлунан тартып күчүнө кирет.


Пандемиянын кесепетинен кийин глобалдык экономиканын калыбына келиши кыйла тез арымда жүрүүдө. Ага мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча дем берүүчү чаралар менен калкты жалпы эмдөөдөн өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин негизинде карантиндик чектөөлөрдүн кыскарышы өбөлгө түзүүдө. Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдө иш жигердүүлүгүнүн калыбына келүүсүнүн тездетилген арымы Кыргыз Республикасында дагы соода-экономикалык мамилелердин калыбына келүүсүн шарттоодо. Бирок, COVID-19 вирусунун жаңы штаммдарынын пайда болуу тобокелдиктерин эске алганда, глобалдуу сыяктуу эле, регионалдык экономикалардын өнүгүүсүндө белгисиздик деңгээли жогорку чекте сакталып турат.


Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келүүсү байкалууда (2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3,7 пайызды түзгөн). Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү менен курулуш көлөмүнүн кыскарышы өлкө экономикасынын толук масштабда калыбына келүүсүн чектөөдө.


Ички керектөө салыштырмалуу деңгээлде анчалык калыбына келе элек, ал өлкөгө акча каражаттарын которуунун алгылыктуу динамикасы менен колдоого алынып турат. 2021-жылдын январь-май айларында жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши 778,1 млн АКШ долларын түзүү менен 45,3 пайызга жогорулаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн