Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды

27.02.2024 11:04
547
Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды


Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын Коммуникация жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, чечим бүгүн, 27-февралдан тартып күчүнө кирет. Кыргызстанда февраль айында инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2023-жылдын декабрындагы 7,3 пайыз деңгээлинен 5 пайызга чейин төмөндөгөн.

"Мындай чечим ички жана тышкы чөйрөдө түптөлгөн шарттарды жана өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен кабыл алды жана ал инфляцияга түрткү берүүчү факторлорду чектөөгө жана орто мөөнөттүү мезгил аралыгында инфляциянын көрсөткүчүн максаттуу көрсөткүчтүн 5-7 пайыз чегинде кармап турууга өбөлгө түзөт. Учурдагы акча-кредит шарттарын кармап туруу калктын жана экономика субъекттеринин инфляция боюнча күтүүлөрүнүн деңгээлин басаңдатууга шарт түзөт", - деди Султанкулов.

Анын айтымында, азык-түлүк товарларына баанын өсүшү мурдагыдай эле басаңдоосун улантууда, ал эми азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын төмөндөөсү кыйла жай тенденцияны көрсөтүүдө. Айкын инфляциянын түптөлүшүнүн негизги факторлору болуп, ички суроо-талаптын жогорку деңгээлде сакталып турушу, ошондой эле тарифтик саясатты, көбүнчө коомдук транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнө кайра карап чыгуунун таасири саналган.

Ал белгилегендей, жалпысынан Кыргызстандын экономикасы үчүн тышкы экономикалык шарттар дүйнө жүзүндө геосаясий жагдайга байланыштуу уланып жаткан жогорку белгисиздик жана дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өзгөрүлмөлүүлүгү менен мүнөздөлөт. Алдыңкы өлкөлөрдүн акча-кредит саясатынын катуулатылышынын натыйжасында глобалдык инфляциянын акырындап басаңдоосу байкалууда.

"Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү уланууда. 2024 жылдын январь айында реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 7,4 пайызды түзгөн, буга негизги салым өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлору тарабынан камсыз кылынган. Ички керектөө бюджеттик жана жеке секторлордун реалдуу эмгек акыларынын жогорулашы, керектөө кредиттөөсүнүн көбөйүүсү жана өлкөгө акча которуулардын таза агылып кирүүсүнүн өсүшү менен колдоого алынат. Салык-бюджет секторунда фискалдык консолидациялоо саясатын жүргүзүү өлкөдө баа динамикасына ооздуктоочу таасирин тийгизет", - деди Султанкулов.

Ал банк сектору негизги көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун сактап турат жана өсүш арымын көрсөтүүдө. Калктын каражат топтоо аракетинин күчөшүнөн улам коммерциялык банктардын ресурстук базасы өсүп жатканын кошумчалады. Банктар аралык акча рыногу жана ички валюта рыногу туруктуу бойдон калууда. Жалпысынан банк системасында улуттук валютадагы үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли сакталууда.

"Кыска мөөнөткө каралган келечекте өлкөдө инфляция көрсөткүчү инфляция боюнча орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтүн чегинде 5-7 пайыз түптөлүшү күтүлүүдө. Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралар азык-түлүктөн башка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүш арымын, жалпысынан базалык инфляция деңгээлин төмөндөтүүгө багытталат, бул азыркы учурда инфляция боюнча максаттуу көрсөткүчтүн маанисинен жогору бойдон калууда", - деп сөзун жыйынтыктады Султанкулов.

Белгилей кетсек, Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чендин өлчөмү жөнүндө маселе боюнча кийинки пландык отуруму 29-апрелде өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн