Улуттук банк 2023-жылдын эсебинен биринчи жолу интервенция жасады. Банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, бул жолу 104 миллион 250 миң доллар сатылган.
Бул акыркы жылдагы интервенциялардын эң чоң көлөмү.
20-декабрда доллардын баасы жогорулаганына байланыштуу Улуттук банк валюта рыногуна 87,5 млн АКШ долларын саткан.
Доллардын расмий курсу 11-январга карата 85 сом 68 тыйын деп белгиленген. Акча алмаштыруучу жайларды жана коммерциялык банктарда 86 сомго жетүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн