Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улуттук банк коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-аракеттер планын бекитти

13.06.2023 09:34
518
Улуттук банк коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-аракеттер планын бекитти


Улуттук банктын төрагасы «КР УБда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планын бекитүү тууралуу» буйругуна кол койгон.

Өлкөнүн башкы банкы билдиргендей, Улуттук банк КРнын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам талаптарын аткаруунун алкагында УБда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планынын долбоорун иштеп чыккан, анда ачык-айкындуулукту, ачыктыкты жогорулатууну камсыз кылуу, коррупцияга каршы билим берүү жана коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чаралар камтылган.

Улуттук банкта этиканы сактоо жана коррупцияга жол бербөө боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планынын долбоорун талкуулоо боюнча отурум өткөрдү. Отурумга Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү М.Ш. Аттокуров жана аталган комиссиянын башка мүчөлөрү катышты.

Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планынын долбоору жактырылып, Улуттук банктын төрагасына бекитүүгө жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн