Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Улуттук банк: "Сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок"

11.03.2020 15:28
916
Улуттук банк: "Сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок"


Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок. Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.


«Сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жок. Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат. Коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болууда. Бул кыска мөөнөттүү гана таасир. 2-3 айдын ичинде баары өз ордуна келип, ушундай абалда калат», -деди Толкунбек Абдыгулов.


10-мартта Кыргызстанда доллардын курсу көтөрүлүп,  коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматтарга караганда, бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулады.


Ушул эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын сатыкка чыгарды. Эртең менен 1 АКШ доллары коммерциялык банктарда 69,85-69,95 сомдун тегерегинде сатылып жаткан болсо, кечке маал 72,85-73 сом болду. 11-мартта Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69,85 сом бойдон турат. Ал эми коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 72,76-72,96 сом болууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн