Улуттук банк валюта рыногунан кайрадан доллар сатып алды. 24-июнда өлкөнүн башкы банкы 59,1 млн доллар сатып алганы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Бул жолку интервенцияда бир доллардын баасы 19 сом 50 тыйын деп бааланды.
Буга чейин Улуттук банк 17-июнда Кыргызстандын валюта рыногунан 51 миллион доллар сатып алган болчу. Жалпысынан жыл башынан бери 190 миллион доллар сатылып алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн