Тогуздун айы 08, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.061
1.090

Улуттук банк валюта рыногуна 38 млн доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна 38 млн доллар сатты


Улуттук банк күн мурун, 1-октябрда валюта рыногуна интервенция менен чыгып, 38 млн доллар сатты.


Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, сатуу "бүтүм түзүлгөн күндөн башка күнү" ишке ашырылган.


Ушул жылдын башынан бери Улуттук банк чет элдик валютаны сатуу максатында рынокко беш жолу чыкты:


  • 13-январь — 79 млн доллар;
  • 29-апрель — 158,3 млн доллар;
  • 26-май — бүтүмдүн суммасы 59,8 млн долларды түзгөн;
  • 15-сентябрь — интервенциянын көлөмү 81,5 млн долларга жеткен;
  • 1-октябрь — 38 млн доллар сатылган.


Белгиленгендей, Улуттук банк 2025-жылдын ичинде рыноктон валюта сатып алган эмес.


Жөнгө салуучу орган валюталык интервенциялардын максаты — мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн улуттук валютанын курсунун туруктуулугун сактоо экенин белгилейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн