Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:10
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,5 пайыз деңгээлинде калтырды

26.10.2021 10:34
1342
Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,5 пайыз деңгээлинде калтырды


Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 7,5 пайыз деңгээлинде калтырды. Чечим 2021-жылдын 26-октябрынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.


Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн экономикаларынын активдүү калыбына келүүсү уланууда. Ошентсе да өсүшү уланган инфляциядан жана коронавирустун кыйла кооптуу штаммдарынын пайда болуу тобокелдиктеринен улам, биздин региондун экономикасынын туруктуу өсүү траекториясына чыгуу процессинде белгисиздиктер күч алууда.


Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келиши бир калыпта жүрүп жатат. 2021-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн реалдуу өсүшү 0,1 пайыз деңгээлинде оң белгиге жеткен, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДӨнүн өсүшү 3,6 пайызды түзүү менен өткөн айдын деңгээлинде сакталган. Бирок экономиканын негизги секторлорунда: өнөр жай (1,2 п.п.), айыл-чарба (-0,7 п.п.) жана курулуш (-0,5 п.п.) тармагында өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү өлкө экономикасынын калыбына келүүсүн токтотуп турган негизги фактор бойдон калууда. Өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсүнүн алгылыктуу арымына карабастан (2021-жылдын январь-август айлары үчүн +20,6 пайыз), ички суроо-талаптын калыбына келиши жай жүрүп жатат.


"Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,5 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүндүгүн билдирет.", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн