Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 22:29
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Улуттук банк теңге менен операцияларды жүргүзүү боюнча убактылуу тартибин киргизди

19.03.2022 14:28
909
Улуттук банк теңге менен операцияларды жүргүзүү боюнча убактылуу тартибин киргизди

Кыргызстанда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу максатында КРнын Улуттук банкы 2022-жылдын 18-мартында “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө” токтомун кабыл алды. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат.


Бул токтомго ылайык, Кыргызстандын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык уюмдары 2022-жылдын 19-мартынан тартып кыргыз сомуна карата казак теңгесин сатып алуу курсун Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан белгиленүүчү кыргыз сомуна карата казак теңгесинин расмий курсунан 70 пайыздан ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин эске алуу менен белгилеши керек.


Ошондой эле коммерциялык банктар жана микрофинансылык компаниялар ачык валюта позициясынын лимитинин мааниси казак теңгеси үчүн таза суммардык/ өздүк капиталынан бир пайыз өлчөмүндө, Улуттук банк белгилеген тартипте аткарышы керек.


Улуттук банк тарабынан казак теңгесинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоонун учурдагы тартиби өзгөрүүсүз калтырылды.


Убактылуу тартипти киргизүү валюта рыногуна чет өлкөлүк валюталардын өзгөрмөлүүлүгүнүн терс таасирин минималдаштырууга, ошондой эле валюталык операцияларды жүргүзүүдө зарыл талаптарды жана милдеттенмелерди аткарууга багытталган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн