Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:07
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улуттук банкынын корунда 49 тоннага жакын алтын бар

16.02.2024 15:17
417
Улуттук банкынын корунда 49 тоннага жакын алтын бар


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Улуттук банкынын корунда 49 тоннага жакын алтын бар. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.


«Бүгүнкү күндө биздин милдет киреше алуу эмес, баанын туруктуулугун сактоо. Так айта албайм, бирок 49 тоннадай алтын Улуттук банктын корунда бар», - деди ал депутат Шайлообек Атазовдун суроосуна жооп берип жатып.


Эл өкүлү айыл чарбасын каржылоо долбоорунун алкагында дыйкандарга берилүүчү насыяга да кызыкты. Анын айтымында, мурда жеңилдетилген насыялар 6 пайыздык үстөк менен берилсе, азыр аны 12 пайызга чейин көтөрүштү.


«Былтыр 6 пайыз менен бергенбиз, быйыл 12 пайыз, бирок депутаттардын сунушу менен үстөк пайызды 10 пайызга түшүрдүк», - дейт «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Акылбек Турдалиев.


Буга депутат Жаныбек Кыдыкбаев туура жооп берүүнү суранды. Анын айтымында, кластердик программанын алкагында насыя жылына 6 пайыз менен берилип, айыл чарбасын каржылоо долбоору үчүн пайыздык чен 10го чейин төмөндөтүлгөн.


РСК Банктын төрагасынын орун басары 2024-жылы айыл чарбасын каржылоо долбооруна 7 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн