Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Улуттук банкта дээрлик 40 тоннадай алтын бар

29.11.2022 12:04
1086
Улуттук банкта дээрлик 40 тоннадай алтын бар

Улуттук банкта 37,8 тонна алтын бар экенин Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.


Анын айтымында, банктын алтын-валюталык резервинде 13 тонна алтын бар, калган 24,7 тоннасы жөнгө салуучу запас болуп эсептелет.


Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, Улуттук банкта дээрлик 40 тонна алтын бар экенин айткан.


«Улуттук банктын 2022-жылдын 31-октябрындагы финансылык отчетун карасаңыздар, бул маалыматтардын баары чагылдырылган. Алтынга тиешелүү эки берене бар. Бири — 57 миллиард сом — бул запастагы алтын. Ошондой эле 118,4 миллиард сомдук монетардык эмес алтын бар. Бул ачык маалымат», — дейт Аида Карабаева.


Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыздан 13%га төмөндөттү. 2022-жылдын 18-ноябрына карата жылдык инфляция октябрь айындагы 15,4 пайыздан төмөндөп, 14,5% пайызды түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн