Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Улуттук банктын активдериндеги алтындын жалпы көлөмү 50 тоннаны түзөт

05.03.2024 14:01
698
Улуттук банктын активдериндеги алтындын жалпы көлөмү 50 тоннаны түзөт


2024-жылдын февраль айынын аягында Улуттук банктын активдериндеги алтындын жалпы көлөмү 49,98 тоннаны түздү, деп билдирди Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев.

Ал белгилегендей, КР мыйзамдарына ылайык, Кыргызстанда казылып алынган жана өндүрүлгөн алтынды сатып алууда министрлер кабинети жана Улуттук банк артыкчылыктуу укукка ээ.

"Ошол эле учурда Улуттук банк алтынды сатып алуу менен чектелбестен, аны эл аралык рынокторго эл аралык баада сатууда. 2023-жылы 1 млрд 88 млн долларга 17 тонна 65 кг алтын саттык. Алтынды тышкы рынокто сатуудан түшкөн каражаттар Улуттук банктын эсебине которулуп, биздин эл аралык резервге түшөт. Бул резервдер, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн валюталык каражаттар министрлер кабинетинин операцияларын жана Улуттук банктын операцияларын, анын ичинде өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча бардык зарыл операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулат.

Алтын менен операциялар борбордук банктар үчүн акча-кредит саясатын ишке ашыруунун жана өлкөдөгү бааларды жана финансылык туруктуулукту сактоого багытталган негизги функцияларды аткаруунун алкагында стандарттуу операциялар болуп санала тургандыгын белгилегим келет", - деди Бөкөнтаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн