Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Улуттук банктын алтын запасынын баасы 9,3 млрд сомго азайды

19.01.2024 09:26
906
Улуттук банктын алтын запасынын баасы 9,3 млрд сомго азайды


Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу Улуттук банктын алтын запасынын баасы 9 миллиард 341,2 миллион сомго азайды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

- декабрь айынын башында — 136 миллиард 754,8 миллион сом (рекорддук көлөм);

- январдын башында —127 миллиард 413,6 миллион сом (учурдагы көрсөткүч тарыхта экинчи ирет болуп жатат).


Алтын корунун наркынын төмөндөшү эмнеге байланыштуу экени айтылган эмес. Отчеттук мезгилде алтындын дүйнөлүк баасы бир аз өскөн, ал эми Улуттук банктын расмий курсу сегиз тыйынга арзандаган.


Белгилей кетсек, соңку убактарда алтын запасынын баасы тынымсыз өсүп жаткан, мисалы, өткөн жылдын башында ал 81,3 миллиард сомго бааланган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн