Бугу 03, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Улуттук банктын бир жылдык кирешеси 9 млрд сомду түздү

31.01.2023 10:51
313
Улуттук банктын бир жылдык кирешеси 9 млрд сомду түздү

Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы Улуттук банктын кирешеси 9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу  Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.


Ал кирешенин так саны тышкы аудиторлор тарабынан тастыкталгандан кийин билинерин белгиледи.


Ошондой эле Карабаева Улуттук банк акча табуу максатында валюталык интервенция жасабай турганын кошумчалады.


"2022-жылы валюта рыногунда 486 млн доллар сатты. Ошол эле учурда доллар сатып алуу боюнча дагы интервенция жасалды. Анда Улуттук банк 190 млн доллар сатып алды, анткени сунуш суроо-талаптан ашып кеткен. Валюталык интервенциялар алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө үчүн жүргүзүлөт", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн