Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Улуттук банктын кызматкеринен коронавирус аныкталды

19.06.2020 16:27
1066
Улуттук банктын кызматкеринен коронавирус аныкталды


Улуттук банктын кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка караганда, 18-июнда Улуттук банктын кызматкеринен COVID-19 инфекциясы аныкталып, учурда ал стационардык дарыланууда. Оору жеңил формада өтүп жатат. 


"Контакта болгон кызматкерлер үй карантинде. Алардан анализ алынды. Коронавирус аныкталган кызматкер иштеген имарат дезинфекцияланды", - деп айтылат маалыматта. 


Учурда банктын башка кызматкерлеринен COVID-19 инфекциясы аныкталган эмес. Улуттук банк штаттык режимде иштөөнү улантууда. 


19-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 132 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 2 789 учур болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн