Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 07:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Улуттук банктын төрагасы Тургунбаев АКШ элчиси Вигери менен жолугушту

02.08.2024 12:53
977
Улуттук банктын төрагасы Тургунбаев АКШ элчиси Вигери менен жолугушту


Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин жолугушту.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле Улуттук банк тарабынан өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана экинчилик санкциялардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Мелис Тургунбаев айрым өлкөлөргө киргизилген эл аралык санкциялардын Кыргызстандын банк системасына таасирин тийгизүү ыктымалдуулугуна туруктуу негизде баа берилип турарын белгиледи.

Жолугушуунун аягында Улуттук банктын төрагасы Улуттук банк менен АКШ элчилигинин ортосунда кызматташуунун жана пикир алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Вигериге ыраазычылыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн