Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Улуттук биримдикке келбесек, мамлекет жардын кырында

01.12.2020 13:53
619
Улуттук биримдикке келбесек, мамлекет жардын кырында


«Талаштан тактык жаралат» деп айтылат. Бирок, ашкере талаша берүүдөн бүтүн нерсе бүлүнүп да калышы мүмкүн. Мамлекеттик деңгээлде алганда бул өтө маанилүү маселе.


Бүгүнкү күндө бир эле улут, бир эле эл болуп туруп эки башка мамлекет болуп жашап жаткан корей улутунун тагдыры буга ачык мисал. Түштүк Корея жана Түндүк Корея болуп эки башка мамлекет аталып турат. Бул жакшылап ойлонгон кишиге трагедия. Ынтымак болбосо бир бүтүн эл, бир бүтүн мамлекеттин тагдырын эки башка тагдырга айлантып сала турган сырткы күчтөр болот. Кореянын экиге бөлүнүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгону тарыхта белгилүү. Бирок, түштүк жана түндүк корейлердин ортосундагы келишпестиктер андан 70 жыл мурун эле башталган. Буга ошол убактагы дүйнөлүк эки ири державанын – СССР жана АКШнын ортосундагы тымызын таасир талашуу башкы себеп болгон.


Болбосо башында булар бир гана бирдиктүү мамлекет болгон. Аны королдук династия башкарган. 1905-жылы орус-япон согушу болуп, ал аяктагандан кийин Кореяны Япония басып алган. Ошентип Корея япондордун колониясында 35 жыл жашаган. Экинчи дүйнөлүк согуш аларды колониядан куткарганы менен сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү астында экиге бөлүнүп калган. Мамлекет экиге бөлүнгөндөн кийин алардын ортосунда карама-каршылыктар андан да күчөгөн. 1950-жылы Корей согушу башталган. Анда 2,5 миллиондон ашуун адам өлгөн. Бул согушта Түндүк Кореяга АКШ активдүү жардам көрсөткөнү да белгилүү. Алардын аскердик кораблдери Түштүк Кореянын шаарларынын жана айылдарынын тынч жашап жаткан жашоочуларын аткылаган. Мунун баары корей элинин ички ынтымакты бекемдей албаганынын кесепети болгон.


1949-жылдан 1990-жылга чейин азыркы Германиянын территориясында – Германия Федеративдик Республикасы (капиталисттик) жана Германия Демократиялык Республикасы (коммунисттик) болуп бөлүнгөн эки мамлекет болуп келди. Мындай бөлүнүүгө башкы себеп – 1945-жылдын экинчи жарымында Германия эки бири-бирине карама-каршы келген саясий системанын кагылышкан очогу болуп калган. Ошентип дээрлик 41 жыл бир мамлекет экиге бөлүнүп жашап келди.


Демек, мамлекеттин ичинде болгон ашыкча талашып-тартышуулар дайыма эле тактыкты жарата бербейт. Ал бөлүнүүнү, бүлүнүүнү да жаратып коюшу мүмкүн.


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Конституцияга байланыштуу карама-каршылыктар күчөп баратат. Айрымдар бизге күчтүү президенттик башкаруу керек экенин айтып, ошол багытта өзгөрүү жасап, жаңы Конституция кабыл алуу зарылдыгын белгилеп турат. Алтургай учурдагы Конституция коррупция менен күрөшүүгө да тоскоолдук жаратууда дегендей пикирлер жаралды. Ошол эле убакта «Президенттик башкарууну көргөнбүз, анда мамлекетти бир адам жана анын үй-бүлөсү, кланы каалагандай калчап калат. Биз парламенттик башкарууну өнүктүрүшүбүз керек» деген пикирде. Мындай талаш-тартыштар күн санап күчөп баратат. Социалдык түйүндөрдө бул теманын алкагындагы талаш-тартыштарда ашкере радикалдык билдирүүлөрдү жазгандар да чыгууда. Мындай ашынган талаштан тактык жаралышы күмөн. Ансыз да 30 жылдан бери талашып гана келатабыз. Андан тактык жаралып, өнүгүп кете албадык. Мамлекетибизди жардын кырына алып келип такадык. Ушундай учурда биздин ынтымагыбызга доо кетирүнү күчөтүп, учкундан жалын чыгаргысы келип тургандар да жок эмес. Ал эми мамлекеттин бүтүндүгү өзүбүзгө гана керек. Андыктан мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бүгүнкү күндө бардык күчтөрдүн бир түндүк алдына биригиши өтө маанилүү болуп турат.

 

Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн