Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук госпиталда жаңы магниттик-резонанстык томография (МРТ) ишке киргенин айтып, үч күн акысыз диагностика жүргүзүлөрүн белгиледи.
Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, акысыз диагностика үч күнгө созулат.
"Жарандар 22-24-ноябрь күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча кабыл алынат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
МРТ аппаратына акысыз түшүүнү каалагандар алгач бейтапканадан дарыгердин жолдомосун алышы шарт.
"Андан башка алдын ала даярдыктын кереги жок, болгону ички органдарын текшертүүдө ачкарын баруу зарыл", — деп айтылат кабарда.
Акысыз диагностикадан өтүү үчүн
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн