Бугу 12, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Улуттук госпиталга ММК фондунан кошумча дагы 4 млн 20 миң сом бөлүндү

28.07.2020 13:17
473
Улуттук госпиталга ММК фондунан кошумча дагы 4 млн 20 миң сом бөлүндү


Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Улуттук госпиталга жеке коргонуу каражаттарынын камын түзүүгө жана сатып алууга кошумча 4 млн 20 миң сомдон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 28-июлга карата аталган каражатка сатып алуулар жүргүзүлүп, 3 млн 500 миң сомго 5000 даана жеке коргонуу каражаттары, 520 миң сомго 4 160 даана респираторлор алынды. 


Белгилей кетсек, 2020-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Улуттук госпиталга бюджеттик каражаттан 10 млн 376,9 миң сом чыгымдалган, жеке коргонуучу каражаттар, 1967ден ашык бир жолку коргонуучу каражаттар, 32 миңден ашык бет каптар алынган.


Мындан сырткары, Улуттук госпиталга гуманитардык жардам катары берилгендер:  

ИВЛ аппараты (7 даана);
бир жолку колдонулуучу коргонуучу костюмдар (2140 даана);
стационардык, медициналык коргоочу бет каптар (6906 даана);
респираторлор (1467 даана);
көп жолку колдонулуучу коргонуучу комбинезондор (328 даана) жана башка медикаменттер.



Маалыматта кошумчалангандай, 2020-жылдын январь айынан 20-июлуна чейин ММК Фондунун бюджетинин эсебинен Улуттук госпиталга бөлүнгөн жалпы сумма 176 млн 300 миң сомду түзгөн, анын ичинде эмгек акы жана Соцфонд чегерүүлөргө 117 млн 400 миң сом, медикаменттерди сатып алуу жана МББ – 40 млн 600 миң сом, анын ичинде ЖОТ сатып алууга кошумча бөлүнгөн каражат 4 млн 20 миң сом, тамак-аш азыктарына 6 млн сом жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 12 млн 300 миң сом жумшалган.


2020-жылдын апрель айынан июнь айына чейин Улуттук госпиталга өзгөчө шарттардагы иши үчүн компенсациялык кошумча төлөмдү төлөө 605 миң 200 сомду түздү.


Бул ооруканада жалпы койка-орундуктардын саны 1070 түзөт, алардын ичинен пневмония ооруларын дарылоо үчүн 500 койка-орундук бар.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн