Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Улуттук госпиталга жаңы компьютердик томография аппарат орнотулду

30.05.2024 15:11
188
Улуттук госпиталга жаңы компьютердик томография аппарат орнотулду


Бүгүн Улуттук госпиталга "Япония өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы" аркылуу берилген жаңы компьютердик томография аппарат орнотулду.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Медербек Исмаилов жана Года Хидэки жаңы жабдуулардын иштеши менен таанышып, КТ диагностикасы талап кылынган бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн шарттарына баа беришти.

Жаңы компьютердик томография аппараты Кыргызстандагы медициналык кызматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн бир топ жакшыртып, ар кандай оорулардын так жана тез диагностикасын камсыздоого салым кошот.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов КТ диагностикалык кызматынын прейскуранты иштелип чыкканын, бир текшерүүнүн баасы 1400 сомду түзөрүн билдирди. Ал белгилегендей, жаңы томографтын өткөрүү жөндөмдүүлүгү патологиясынын татаалдыгына жана оордугуна жараша күнүнө 40-50гө чейин бейтаптарды тейлөөгө мүмкүндүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн