Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Улуттук гвардиянын түзүлгөнүнүн 29 жылдыгына салтанаттуу иш-чара өттү

23.07.2021 12:36
462
Улуттук гвардиянын түзүлгөнүнүн 29 жылдыгына салтанаттуу иш-чара өттү

2021-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгына карата салтанатту у иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Т.Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Колбашчысы гвардиянын полковниги Т.Эргешов, Куралдуу Күчтөрдүн ардагери генерал-майор А.Алымкожоев жана башка коноктор катышып, гвардиячыларды Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнү менен куттукташты.


 Иш – чарада Улуттук Гвардиянын бир катар аскер кызматчыларына өз милдеттерин так аткаргандыгы үчүн ыраазычылык каттар жана дипломдор тапшырылды. Ошондой эле, Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери кызматтагы жетишкендиктери жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн медалдар менен сыйланышты.


 Салтанаттуу иш-чара гвардиячылардын саптык жүрүшү менен аяктады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн