Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улуттук кардиология борборунда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн 250 орун даярдалат

19.07.2020 09:18
983
Улуттук кардиология борборунда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн 250 орун даярдалат

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев вице-премьер-министрди клиниканын түзүмү жана жабдылышы, стационардык кычкылтек станциясы, бейтаптар үчүн орундар жана лабораториялык-диагностикалык бөлүмү менен тааныштырды.

Учурда мында коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптар үчүн 90 орун бөлүнгөн, анын 12си – реанимациялык койко-орундар. 

Сапардын жүрүшүндө кошумча орундарды түзүп чыгуу жана анын жалпы санын – 250гө, ал эми реанимациядагы орундарды 45 дейре жогорулатуу чечими кабыл алынды. 

Медициналык кызматкерлердин саны 480 адамды түзөт. Медициналык кызматкерлер үчүн обсервация катары «Семетей» мейманканасы каралууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн