Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Улуттук китепканада Абай Кунанбаевдин атына арналган маданий борбор ачылды

12.12.2020 10:57
1018
Улуттук китепканада Абай Кунанбаевдин атына арналган маданий борбор ачылды

Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында Абай атындагы кыргыз-казак маданий борборунун ачылыш салтанаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чарага маданият министри Нуржигит Кадырбеков, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Салтанат бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен өттү.


Абай атындагы маданий борбор казак элинин классиги Абай Кунанбаевдин адабий мурасын пропагандалоо жана жайылтуу максатында ачылды.


Абай Кунанбаев – казак элинин улуу акыны, философ-гуманист, композитор, көркөм сөз өнөрүнүн зергери. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы, анын окурмандар арасындагы сүйүктүүлүгү казак элинин маданиятын калыптанышы үчүн түрткү болду. 2020-жыл Түрк маданиятынын эл аралык уюму (Түрксой) тарабынан Абай жылы деп жарыяланган.


Борбордун негизги милдети – кыргыз жана казак элинин ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоо, эки өлкөнүн илимий, маданий жана башка уюмдары менен өз ара пайдалуу жана эффективдүү контакттарды орнотуу жана кеңейтүү, ошондой эле ар кандай конкурстарды, фестивалдарды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүү болуп саналат.


Борборго келген окурмандар акындын өмүрү, чыгармачылыгы, эмгектери, анын чыгармаларынын дүйнө элинин ар кандай тилдериндеги котормолору, белгилүү абайтаануучулардын, филологдордун жана жазуучулардын изилдөөлөрү электрондук жана нота басылмалары, Абайдын чыгармаларынын толук жыйнагы менен тааныша алышат. Ошондой эле борбордо кыргыз, казак жана орус тилдеринде белгилүү казак жазуучуларынын чыгармалары коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн