Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы полковник Акымбаев Эргеш Осмонович 10-июлда каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Эргеш Акымбаев 67 жашта болчу. Ал 1979-2003-жылдары коопсуздук органдарында аскер кызматын өтөп, узак убакыт бою жетекчилик кызматтарда иштеген. Кийинчерээк окутуучулук ишмердүүлүгүнө өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн