Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы маанилүү маселелер талкууланды

17.04.2021 15:18
692
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы маанилүү маселелер талкууланды


Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев КР Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институтунун жетекчилиги жана илимий курамы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Тараптар тыгыз кызматташууну жакшыртуу, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы негизги маанилүү саясий жана уюштуруу-башкаруу чечимдерди кабыл алуу боюнча пикир алмашты.

Учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал шарттарында илимий-аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жана актуалдуулугу, алардын артыкчылыктуу темаларын аныктоо боюнча талкуу болду.

Мындан тышкары туруктуу негизде биргелешип иш алып баруу маселеси каралды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн