Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улуттук курамдын капитаны Валерий Кичин оюн учурунда мушташа кетти (видео)

23.07.2020 10:46
912
Улуттук курамдын капитаны Валерий Кичин оюн учурунда мушташа кетти (видео)

 

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курам командасынын капитаны Валерий Кичин "Ска Хабаровс" менен "Енисейдин" ортосундагы достук оюнунда атаандашын көтөрүп чапты.


Маалыматка ылайык, Крымда өткөн достук оюнда "СКА Хабаровсктун" оюнчусу топ жок учурда Валерий Кичиндин бутуна тээпкен, ага жооп иретинде “Енисейдин” капитаны кол шилтеген. Натыйжада эки оюнчу бир-бирине атырыла кетип, Кичин атаандашын көтөрө чапкан.


Ал эми беттештин калысы эки оюнчуга алгач кызыл айып кагазын көрсөтүп, андан соң аларды элдештирген. Беттеш достук оюн болгон үчүн эки оюнчу тең беттештен четтетилген эмес. “Енисей” бул мелдеште “СКА Хабаровскту” 1:0 эсебинде жеңип алды.


“Оюнда өтө кооптуу эч нерсе орун алган жок, түртүшүп, күрөшүп кетишти. Балдар ажыратышкандан кийин алар кайра элдешип алышты. Бул сезонго даярдык, мындай эмоциялар болуп турат. Кичинди жазалабайбыз”, - деген "Енисейдин" башкы машыктыруучусу Александр Тарханов.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн