Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улуттук курамга кирген спортчулар COVID-19га каршы тест тапшырууда

16.07.2020 11:46
1094
Улуттук курамга кирген спортчулар COVID-19га каршы тест тапшырууда


Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча улуттук курамга кирген спортчулар COVID-19 инфекциясына карата тесттен өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 13-июлдан тарта Спорттук реабилитациялоо борборунда (Бишкек ш.) спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курамадагы спортчулар жана машыктыруучуларда COVID-19 вирусуна каршы туруучу антителалар бар жоктугун ИФА ыкмасы аркылуу аныктоо иштери жүргүзүлө баштады. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө IgM жана IgG иммуноглобулиндери аныкталат.


Ал эми Спорттук реабилитациялоо борборуна берген тизме жана график боюнча спортчулар менен машыктыруучулар тест тапшырат.


Белгилей кетсек, лабораториялык изилдөөлөрдү Мамагенттик каржылаган. Анализдерди тизмеге ылайык спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча КР улуттук курама кошуунундагы спортчулар, башкы машыктыруучулар жана ага машыктыруучулар гана тапшырууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн