Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Улуттук курамада 7 медаль. Самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды

23.08.2023 11:34
1110
Улуттук курамада 7 медаль. Самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды


Кечээ, 22-августта Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештин алгачкы күнү спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак даражаларында беттештер өттү.

Улуттук курама команда күндүн жыйынтыгы менен жалпы 7 медаль жеңди. Анын 1 алтын 1 күмүш жана 5 коло медаль.

98 кг жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов алтын медалга, күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 65 кг салмак даражада Мираида Медетбек кызы күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле 58 кг салмак даражасында Кайрат Жусуп уул, Темирлан Уланбек уулу, 88 кг салмак категориясында Фарух Мамажанов, 98 кг салмак даражасында Артур Сансызбеков, +98 кг салмак даражасында Сыймык Жапаров коло медалдардын ээлери болушту.

Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларусия) жана Израилден келген спортчулар катышууда. Беттшетер 23-август күнү жыйынтыкталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн