Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:18
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Улуттук нарк – 2: Сүйүнчү суроо жаан сүйүнчү берүү наркы

29.07.2022 11:35
3606
Улуттук нарк – 2: Сүйүнчү суроо жаан сүйүнчү берүү наркы


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2022-2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа кабыл алынды.

Эми мына ошол жарлыкты жана программаны ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик катчынын жетекчилигинде этнолог адистердин чоң тобу ар түрдүү багытта идеологиялык жумушка тартылды.

Биз да айрым бир ойлорду жарыялап, элге, өзгөчө мугалимдерде жеткирип турууну ылайык көрдүк.

Адамзат ар дайым келечегин ойлойт, тукумунун уланышы үчүн кам көрөт. Тукум улар, келечегин аныктап берер – бул бала. Баланын жарык дүйнөгө келишин ата-энеси, урук-тууганы, жек-жааты, жалпы уруусу жакшы тилек менен эч кимге жарыя кылбай ичтен кубаныч менен күтөт. Болочок эненин ичи билинип, улам чоңойгон сайын анын туугандары бири-бирине айтпай алдыртан сүйүнчү камдаган. Ал эми бөбөк келер үйдө кимден ким сүйүнчү сурары да болжолдонгон.

«Сүйүнчү» деген сөз «сүйүн» дегенден келип чыккан. Сүйүнүү – өтө кубануу, чексиз бактылуу болуу учуру. Ар бир адам өмүрүндөгү кездешүүчү эң бир кубанычтуу мүнөттөрдүн бири. Анткени жарык дүйнөгө жаңы адам келди. Өзүнө жакын адам келди.

Эне болор келин толгоо тартып, ага аначы кемпир же киндик эне келип жардам берет. Ошол киндик эне бала менен эненин миң тамырын бириктирип турган киндикти кескен соң жарык дүйнөгө бакырып келген наристенин уул же кыз, эгиз же жалкы экени билинет.

Киндик эне төрөттү кабыл алып бүтүп эле сыртка чыгат. «Сүйүнчү!» дейт. Сыртта турган төрөгөн келиндин кайын энеси же эжелери, абысындары «Болсун!» дешет. Киндик эне эгер жаңы туулган уул бала болсо «Эркек!» дейт. «Баатыр!» дейт. Же дагы башка сөздөр менен туюндурат. Кыз болсо «Кырк жылкы!» дейт. Бул мезгилде баланын аты али жок болот.

Андан ары эргенчи балдар сүйүнчүлөп жөнөйт. Келиндин төркүндөрүнө барат «Сүйүнчү!» деп.

Жакын туугандардын баарына чабарман жиберип «Сүйүнчү» айттырбаса, алардын кээ бирлери таарынып да калат.
Сүйүнчү сураганда, ким биринчи сураса, ага сөзсүз сүйүнчү берет.

Сүйүнчүгө көчмөн турмушта кыргыздар ат берген, тай берген, боз үй берген, уй берген, кой берген, козу-улак берген. Колунда эмнеси болсо, сөзсүз берген. Сүйүнчү айткан адам аз берди, көп берди деген эмес. Бергенин алган.
«Манас» дастанында Жакып хан көпкө балалуу болбой жүрөт. Зарлап жүрүп уулу Манас төрөлгөндө атасына сүйүнчүлөгөнгө кырктай киши аттанат. Алардан озуп мал жайып жүргөн Жакыпка биринчи Акбалта барат.

Бала деп каңкакшап жашаган Жакып хан аялынын ай-күнү жеткенде атайын алыс кетип калат. «Сүйүнчү» деген сөздү алыстан угуу, ат чаап келе жаткан адамды алыстан көрүп туруу өзүнчө өмүрдүн унутулгус учуру болгон. Жалгыз кетпейт, сүйүнчүлөп келген кишиге деп куржун толо алтыны менен кетет. Анткени анын көзүнө сан жетпеген мал көрүнбөй, эсепсиз дүйнө-мүлк көрүнбөй, чеңгелдеп турган бийлик көрүнбөй, «ыңаалап» ыйлап түшкөн эркек баланын үнү гана керек болуп турган.

Ушундай сүйүнчүдөн кийин эми сүйүнгөн киши өзүнүн ыраазылыгын билдирүү керек. Бай Жакып Акбалтага бир калта алтын, тогуз жылкы, төрт төө, төрт уруу малдан төрт тогуз берет. Бул адамдын берешендиги, марттыгы. Ошол эле кезде тукумун улап кетер баланын туулганына кубанычы.

Сүйүнчүлөө – байыркы салттардын бири. Бул салт – туугандарды, куда-сөөктөрдү жакындаштырган, аларды ымалалаштырган, адамдарды берешен, март кылууга тарбиялаган, баланы күтүүнү, аны сүйүүнү үйрөткөн.

Абдыкерим МУРАТОВ, жазуучу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн