Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:57
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Улуттук онкология борборуна 160 млн сомдук каражат бөлүнөт

09.05.2020 12:16
668
Улуттук онкология борборуна 160 млн сомдук каражат бөлүнөт


Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын төрагалыгы астында Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Кеңешменин жүрүшүндө 2020-жылга Улуттук онкология жана гематология борборуна 60 млн сом суммасында бөлүнгөн каражатка алынчу химиялык-таргеттик дармектердин жана коштоочу дары-дармек каражаттарынын тизмеси каралды


Аталган каражат онкологиялык оорулуу балдарды, анын ичинде Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында химиялык дарылануу алып жаткан балдарды натыйжалуу протоколдук программа менен камсыздоо максатында бөлүнгөн.


Мындан тышкары, 2020-жылга карата Улуттук онкология жана гематология борборуна 100 млн сом суммасында бөлүнгөн максаттуу каражатка алынчу химиялык-таргеттик дармектердин тизими каралып макулдашылды. Мында Ош облустар аралык онкология борборунда жана Ош облустар аралык клиникалык ооруканасындагы бейтаптардын муктаждыктары да эске алынган.


Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Элнура Боронбаева белгилегендей, 100 млн сом сумасындагы көрсөтүлгөн каражат уюмдун бюджетин оптимизациялоо натыйжасында алынган жана онкологиялык бейтаптарды дарылоого багытталууда.


Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков кошумчалагандай, камсыздандыруу фондунун бюджетинде 2020-жылга онкологиялык оорудан жабыркаган балдар үчүн дары-дармек сатып алууга 60 млн сом суммасында максаттуу каражат бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн