Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Улуттук онкология борборунун директору өз каалоосу менен кызматтан кетти

06.04.2021 09:29
784
Улуттук онкология борборунун директору өз каалоосу менен кызматтан кетти

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков өз каалоосу менен директорлуктан кетти. Бул тууралуу аталаган мекеме билдирди.


Анын айтымында, бул кызматка өтө курч мезгилде келген. Ал оорукананын инфраструктурасын өзгөртүүгө колдон келишинче аракет жасаган. 


"Мага ишенип берилген кызматта төрт жыл туруп, мен жакшы турмуштук тажрыйбага ээ болдум. Мен бир гана нерсеге өкүнөм, бардык пландар ишке ашпай калды, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен андан дагы көп көйгөйлөр кошулду. Менден кийин келе турган жетекчиге абдан оор болушу мүмкүн",- деди Тилеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн