Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Улуттук онкология жана гематология борборунун кызматкери коронавирус жуктуруп алды

08.05.2020 17:06
1037
Улуттук онкология жана гематология борборунун кызматкери коронавирус жуктуруп алды


Улуттук онкология жана гематология борборунда бүгүн, 8-майда  медициналык кызматкерлердин арасында коронавирусту жуктуруунун бир учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, жакын байланышта болгон медициналык кызматкерлер аныкталып, баарынан ПЧР изилдөөгө мазоктор алынып, алар көзөмөлгө алынган.


Ал эми, бейтаптардын арасында байланышта болгондор катталбаган. Анткени дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес.


Мекеме Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алууну жокко чыгарат.


Учурда эпидемиологиялык иштер уланып, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бейтапкана штаттык тартипте иштей баштаары айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн