Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунунда COVID-19 вирусу 14 адамдан табылды. Бул тууралуу 21-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунунда коронавирус илдетин жуктуруп келгени аныкталып, 120 кишиден анализ алынды. Бүгүнкү күндө 14 адамдан илдет табылды. Алардын бири дарыгер, экөөсү медайымдар, үч эне жана сегиз бала. Илдет кимден тараганы аныкталды. Эпидемиологиялык иштер жасалды, дарыланып жаткан балдарды башка орундарга которууга мүмкүнчүлүк жок. Ал эми дарыгерлер инфекциялык ооруканага жаткырылды”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн