2022- жылдын 12 -августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине өрүктөн жасалып таза алтын жалатылган өзгөчө комуз тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу баштаган бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, кеңири коомчулук катышты.
Чыңгыз Эсенгул уулу мындай улуттук аспаптын өзгөчө болуп жасалышы, Улуттук тарых музейинен орун алышы абдан жакшы жаңылык болуп калганын айтып, өзгөчө келген меймандар жана туристтерди кызыктырган экспонат боло тургандыгын баса белгиледи.
Ата – бабалардан мурас катары сакталып келген комуз жеке ишкер тарабынан бешинчи ирет жасалган. Эки комуз буга чейин өткөрүлгөн 2015- жылы Ош шаарында өткөн айтыштын жеңүүчүлөрүнө тапшырылып, үчүнчүсү жакын арада өтө турган акындардын айтышында тапшырыла турганы белгилүү болду. Ал эми төртүнчүсү «Сулайман – Тоо» Улуттук археологиялык музей комплексине тапшырылган.
Өрүк комузду Марат Берикбаев чаап, аны алтынга ширеткен зергер Али Мамарасулов болду.
Маалымат үчүн: "ЭлТР"МТРКсындагы "Ак таңдай» автордук теледолбоорунун алкагында «Алтын комуз» байгеси 2015-2021 – жылдары өткөрүлүп келген. Аталган долбоор "ЭлТР"МТРКсында 2001-жылдын апрель айынан бери чыгып чыгып келүүдө.
«Ак таңдай» теледолбоорунун жана анын алкагында «Алтын комуз» байгеси долбоорунун автору Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абдибали Акимбеков болуп саналат.
Ал Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынын «Мурас» чыгармачыл борборунун продюссери, «Ак таңдай», «Өмүр сересинде» теледолбоорлорунун автору жана алып баруучусу Абдибали Акимбеков Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп айтыш өнөрүн жандандырууга 1994-жылдан бери аракет кылып «Ак таңдай» акындар ордосун негиздеп бир нече жолу Орто Азия жана Казакстандын төкмө акындарынын Эл аралык айтыштарын өткөрө алды. «ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынан 22 жылдан ашык «Ак-таңдай» көрсөтүүсүн көрүчүлөргө тартуулап келет.
Мындан сырткары белгилей кетсек, 2015 – жылы он жылда бир берилчү «Алтын Комуз» кубогу бар. Аны заманыбыздын залкары, Кыргыз Республикасынын эл акыны Замирбек Үсөнбаевге жана Кыргыз Республикасынын эл акыны Рахматулла Козукеев, 2021- жылы Баян Акматов алган.
Ал эми бүгүн, Ынтымак эс алуу багында үчүнчү комуз тапшырылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн