Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Улуттук тарых музейи Элмирбек Иманалиевдин коллекциясы менен толукталды

05.02.2024 16:28
2411
Улуттук тарых музейи Элмирбек Иманалиевдин коллекциясы менен толукталды


Улуттук тарых музейинин фонду акын Элмирбек Иманалиевдин коллекциясы менен толукталды. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

Белгиленгендей, музейдин фондуна аңызга айланган акындын колу ойногон комузу, аманат кылган ырлар жыйнагы, кѳзгѳ үйүр алган сахна чепкени, эл ыроологон күбѳлүктѳрү, сыйлыктары менен эстеликке калган сүрѳттѳрү тапшырылды.

"Арстанбек, Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул сындуу алп акындардын жолун улап, катарын калыңдаткан акын импровизатор, обончу, дастанчы, манасчы, актер, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Элмирбек Иманалиевдин сакталууга алынган кѳзгѳ басар буюмдары музейдин мурасына айланат", - деп белгилешти музейден.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн