Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:12
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Улуттук үлгүдө. Ысык-Көлдө боз үйдүн үлгүсүндөгү жаңы мечит ачылды (фото)

11.05.2021 10:40
2356
Улуттук үлгүдө. Ысык-Көлдө боз үйдүн үлгүсүндөгү жаңы мечит ачылды (фото)
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Жоомарт Бөкөнбаев айылында боз үй үлгүсүндөгү жаңы мечиттин ачылышы болду. Мечит Азат Исакунов жана аталган айылдын тургундарынын демөөрчүлүгү менен салынып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Жаңы мечит көчмөн элинин улуттук үйү болгон боз үйдүн түзүлүшүндө салынды. Ага болжолдуу түрдө 200 кишинин намаз окуусуна ылайыкталып, ичинде бардык шарттар каралган.

Жергиликтүү тургундардын катышуусунда мечитке көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык баракчалар тапшырылып, айылдын имамы Таалайбек Акунов жана мечит салуунун сообуна токтолду.

«Мечитибиз элибизди жакшылыка чакырып, жамандыктан кайтарган жайга айлансын. Мунун менен бирге мечитти салууга көмөктөшкөн инсанга Алла Таалам иштерине береке берип, мечитте окулган намаздардын, жакшы иштердин сообу ал адамга да жазылсын»,- деди айыл имамы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн