Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 75 миң сомдон каражат алышат

17.04.2020 13:11
1626
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 75 миң сомдон каражат алышат


Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата бардык ардагерлер 75 миң сомдон бир жолку төлөм алышат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, бул акчалар райондорго жибериле баштады, ардагерлер кийинки жуманын алгачкы күндөрү алып башташат.


Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш ардагерлерине 75 миң сомдон бир жолку жардам берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык 251 ардагер 75 миң сомдон төлөм алышат.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн