Бугу 21, 2024
Убакыт: 11:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына канча сомдон сыйлык берилери айтылды

23.04.2021 19:11
1068
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына канча сомдон сыйлык берилери айтылды

1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн бама сөз кызматы кабарлады.


Аталган чечимге ылайык, 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын жарандардын төмөнкү категорияларына бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнсүн:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – эсептик көрсөткүчтүн алты эсе өлчөмүндө;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;

3) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;

4) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына – эсептик көрсөткүчтүн төрт эсе өлчөмүндө;

5) Улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине) – эсептик көрсөткүчтүн эки эсе өлчөмүндө;

6) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө;

7) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – эсептик көрсөткүчтүн бир эсе өлчөмүндө; 1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

3) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

4) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына – 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде курман болгон жоокерлердин жесирлерине – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

6) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;

7) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө.

Жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөө алган пенсиясынын, жөлөкпулунун, акчалай компенсациясынын өлчөмүнө карабастан, республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн