Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Улуу Британияда байлар үчүн салыктар жогорулашы мүмкүн

12.06.2020 14:00
1036
Улуу Британияда байлар үчүн салыктар жогорулашы мүмкүн


Улуу Британиянын Финансы министрлиги эң ири менчик банктар менен өлкөнүн бай жарандары үчүн салыктардын өлчөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат, деп маалымдады Рейтер агенттиги.


Бийлик какшый баштаган мамлекеттик казынаны толтуруунун жолдорун издөөдө, деп айткан агенттикке жогорку даражалуу банкирлердин бири.


Коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен улам быйыл Улуу Британиянын бюджети 133 миллиард фунтка (167,46 млрд доллар) тартыш болот.


Улуу Британия учурда коронавирус жуккандарды саны боюнча дүйнөдө АКШ, Бразилия жана Россиядан кийинки төртүнчү орунда – бүгүнкүгө чейин 292 854 учур катталды. Алардын 41 364ү каза тапты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн