Улуу Британияда COVID-19 вирусун жуктургандар 200 миңден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, инфекцияны жуктургандардын жалпы саны 202 359 адамга жетип, илдеттен 934 гана бейтап айыккан. Ал эми дарттан каза болгондордун саны 30 150 кишиге жетип, Италия менен Испаниядан ашып кетти.
Дүйнөдө коронавирус илдетинен көз жумгандардын саны
боюнча АКШ биринчи орунда, ал жакта 73 431 адам кайтыш болгон. Италияда 29 684,
Испанияда 25 857, Францияда 25 812 бейтап каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн