Бирдин айы 19, 2025
Убакыт: 11:18
USD
87.30
87.80
EUR
91.00
92.00
RUB
0.945
0.990

Улуу Британияга айыл чарба жумуштарына иштөөчүлөрдү онлайн каттоо 17-февралда ачылат

14.02.2025 16:15
190
Улуу Британияга айыл чарба жумуштарына иштөөчүлөрдү онлайн каттоо 17-февралда ачылат


Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына иштейм деген жарандарды онлайн каттоо 2025-жылдын 17-февралында саат 15:00 – 19:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча) ачылат. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун башкы адиси Бакыт Алкадыров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.


Анын айтымында, каттоо системасына шилтеме төмөнкү платформаларга жарыяланат:


- Борбордун расмий сайты – www.migrant.kg;

- Instagram баракчасы – info.migrant.kg;


“Ар бир катталуучу өзүнүн чөнтөк телефону аркылуу катталуусу зарыл. Бир телефондон бир гана адам каттала алат. Катталууга чейин www.migrant.kg сайтына кирип, бардык талаптар менен таанышып, керектүү документтердин электрондук түрүн даярдап алуу сунушталат. Эгер сырттан же башка тараптардан кызмат көрсөтүп, анкета толтуруп берүүнү сунуштагандарга ишенбеңиздер. Анкета толтуруп берем деген шылуундарга бир топ акчаларын алдаткан жарандар көп болууда. Ошондуктан бир гана көрсөтүлгөн платформалар аркылуу онлайн каттоодон өтүңүздөр. Баардыгы акысыз”, - деди Бакыт Алкадыров.


Белгилей кетсек, каттоодон ийгиликтүү өтүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:


- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;

- Gmail электрондук почтасы (дарек паспорттогу аты-жөнүңүзгө дал келиши керек);

- Ачык түстөгү фондо тартылган паспорттук форматтагы сүрөт (электрондук түрдө).


Маалыматка ылайык, онлайн каттоо кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт, бул жарандын кызыкдар экендигин гана тастыктайт.


Эскерте кетсек, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун маалыматы боюнча 2024-жылы 8 миң 100 Кыргызстандын жараны Англияда ишке орношушкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн