Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгү туристтерге ачылды

25.03.2020 13:44
1197
Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгү туристтерге ачылды


Коронавирус илдетинен улам эки айдай жабык турган Улуу Кытай сепилинин Бадалин аймагы  иштей баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, сепилдин Бадалин бөлүгүнө саат 09:00дөн 16:00гө чейин кирүүгө уруксат берилген. Ал эми, күнүнө 19,5 миң адамдан ашык киргизбөөгө чектөө койгон. 24-март күнү түшкү саат 14:00гө чейин 892 адам онлайн каттоодон өткөн.

 

Сепилди көрүүнү каалагандар онлайн каттодон өтүүлөрү керек. Ар бир кардардын дене табы текшерилет. Келген адамдардын топтолуусуна жол бербөө максатында атайын кыдыруунун жолу ойлонуштурулган. Учурда аркан жолу, музейи жана башка айрым жерлер убактылуу ачыла элек.


Бадалин Кытайдын борбору Пекинден 60 чакыр алыстыкта жайгашкан. 2018-жылы ал жерге 9,9, миллиондон ашык адам барган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн