Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улуу Жеңишке 75 жыл: Согуш башталгандагы фото архив

07.05.2020 11:53
2510
Улуу Жеңишке 75 жыл: Согуш башталгандагы фото архив


Быйыл, 2020-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл толду. Бирок үстүбүздөгү жылы дүйнөлүк пандемиялык курч абалга байланыштуу Россия Федерациясынын бийлиги Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесин белгилөөгө карата аскердик парадды өткөрүүнү башка убакытка жылдырды.


Ал эми Кыргызстанда болсо мамлекеттик деңгээлде массалык майрамдоого чектөө коюлду. Бирок Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына өткөн жылдардагыдай эле өзгөчө көңүл бөлүнөрү убадаланды.


Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция —  «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүүнү сунуштады жана Жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги өз кезегинде Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын утурлай, согушта эрдик көрсөткөн ата-бабалардын тайманбас эмгегин эскерүү максатында 1941-жылы согуш башталган мезгилдин кыш маалында тартылган сүрөттөр архивин сунуштайт.




Москваны коргоодо асмандагы учакка карап атууну мелжеп жаткан топ 

Москва жоокерлеринин жалпы аскердик окуулары (1941-ж.)

Москваны коргоо. Аскердик көнүгүүлөр (1941-ж.)


Москвада жаан-чачын учурунда бийиктен дүрбү салуу

Москванын четиндеги совет аскерлери. Батыш фронту (1941-ж.)


Фашисттер кол көтөрүп турушат


Москва четиндеги Волоколам шоссесинде чегинген фашисттерден калган аскердик техника 

Кызыл Армиянын эки аскери оодарылып жаткан немис танкасынын жанында турат

Москванын тегерегиндеги айылга кирип келген фашисттерге каршы аскердик чабуул (1941-42-ж.)


Москва четинде талкаланган танк

Батыш фронду. Москваны коргоп жаткан согушчандар


Кызыл Армиянын аскерлери, Калинин көчөсүндө өлүп жаткан немис жоокерлеринин жанынан өтүп жатышат

Батыш фронду Москваны коргоп жаткан мезгили

Фашисттердин жардырууларына каршы даярдык көрүп жаткан Советтик армия

Москваны коргоо, Батыш фронду (1941-ж.)


Сүрөттөр may9.ru сайтынын архивинен алынды.





 






  


 


 







Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн