Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине карата согуш талаасында жана орукта эмгектенген ата-бабалардын Улуу Ата Мекендик согуш талаасында көрсөткөн эрдиктерин жана кайталангыс эмгектерин эскерүүнү улантабыз.
Эл-жеринин эркиндиктери үчүн кан күйгөн майданда жанын берген баатыр ардагерлерибиздин бири Курманалы уулу Мамыр чоң атаны эскеребиз.
Курманалы уулу Мамыр Суусамырдын ошол учурдагы Чар айылында, азыркы Толук айылына жакын жерде жарык дүйнөгө келген. Үч бир туугандын кенжеси болуптур. Бою анча узун болбосо дагы кең далылуу, карлуу “Эр эңиштерге”, “Балбан күрөштөргө” катышкан балбан киши болгон экен.
Ал кат-сабаты жоюлган, билимдүү адам катары Суусамырдын Чоңсары-Камыш мектебине директор болуп келип калат. Ошол жерде иштеп жүрүп, орто мектепте билим берип иштеген зайыбы Уултай апа менен таанышып калган. Кийин үйлөнүп, бир уул, бир кыздуу болгондо кан күйгөн согуш аны үй-бүлөсүнөн ажыраткан.
1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, фронтко повестка келет. Уулу Кеңешбек 8 жашта гана болуптур, атасы Курманалы уулу Мамырды минип жүргөн аты менен Токмокко чейин узатып келген экен. Аты менен кошо эшелонго салып кеткен, дешет.
Атасын согушка узаткан уулу үйүнө - азыркы Өрнөк айылына жөө-жалаңдап 10 күн дегенде араң жеткен экен.
Мамыр чоң ата кийин Ленинградда экенин, үч ай согушка даярдык окуусунан өткөнүн жазып, кат жиберген. Андан көп өтпөй согушта каза болгону туурауу кара кагаз келиптир.
Ал эми зайыбы Уултай апа Жумгалдын Кызыл-Коргон айылына төркүндөрүнө барып күн кечирген. Ал жерде эркектин баары согушка кетип, кат-сабаттуу адам катары Сельсоветтин төрайымы болуп иштеп, кийин биринчи мугалим болуп билим берүү тармагында да көп жыл эмгек өтөгөн.
Мамыр чоң атанын жалгыз туягы Кеңешбек атадан 4 уул, 4 кыз төрөлүп, тукум улап келишет.
Анын урпактары 2005-жылдан бери "Өлбөс полк" акциясына үзгүлтүксүз катышып, эскерип турушат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн