Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Улуу Жеңишке 75 жыл: Согушта жарадар болгон Сатыбек ата өз ыктыяры менен кайра майданга кеткен (фото)

08.05.2020 11:52
1321
Улуу Жеңишке 75 жыл: Согушта жарадар болгон Сатыбек ата өз ыктыяры менен кайра майданга кеткен (фото)


Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, көп жыл бою мугалимдик кесипти аркалаган Дүйшөбай уулу Сатыбек атанын ийгиликтери, согушта көрсөткөн эрдиктери тууралуу ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы эскерди, деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы.


Билдирүүгө ылайык, 2005-жылдан бери ардагердин балдары спорттук мелдештерди жыл сайын жаркын элесине арнап, 9-майга карата өткөрүүнү колго алышкан. Бул иш-чара өсүп келе жаткан жаш муунду мекенчилдикке жана дени сак жашоого үндөө максатында уюштурулат.


Дүйшөбай уулу Сатыбек 1940-жылы Таш-Көмүр шаарындагы орто мектепти аяктап, Ак-Суу айылындагы мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. Ошол эле жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 6 жыл бою аскерде кызмат өтөдү. Анын бала чагы, күрдөөлдүү эмгектин жүгүн көтөргөн күч убагы да замандын каардуу жылдарына туш болуп, кан майданында такшалгандардын бири болгон.


Пятигорск шаарында 9-мотоаткычтар дивизиясынын 142 аткычтар полкундагы жоокерлердин катарына кошулган. 1943-жылдын башында Махачкала шаарындагы аскер окуу жайынын кыскартылган курсун аяктап, кенже лейтенант наамына ээ болуп, офицерлердин катарын толуктаган. Түштүк Украина фронтунун курамындагы аскер бөлүгүндө взводдун, ротанын командири, батальондун, батареянын командиринин орун басары милдеттерин аткарып, Оржоникидзе шаарынан салгылашууну баштап, Ростов-на Донуга келгенде жарадар болуп, Тбилисинин госпиталында дарыланган. 


Ал бутунан оор жарадар болуп, 1944-жылы Уфа шаарында узак мөөнөт госпиталда жаткан. Согуштун оргуштаган жалыны өчпөй, батышка багыт алып бара жаткан кезде Сатыбек ата Орто Азия аскер округуна жөнөтүлгөн. Ал Ташкенттеги аскер кызматкерлерин даярдоочу курсту бүтүргөн. 


Андан соң Сузак райондук аскер комиссариатында бөлүм башчы болуп 1945-жылдын август айына чейин иштеген. Анан экинчи ирет өз ыктыяры менен согушка аттанып, Япондорду тез арада жылас кылгандардын катарында болгон. Ошентип, ал кылган кызматына жараша коомчулуктун сыйына татып, 1946-жылы августта аскерден келген. 


Ардагердин күжүрмөн эмгегин Совет өкмөтү бийик баалап, 1944-жылы “Кызыл Жылдыз”, кийин биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйлаган.


Андан сырткары саясат, чарбачылык, эл агартуу жааттарында дагы узүрлүү эмгек өтөдү. Бир топ жылдар бою колхоздун башкармасы, Жаңы-Жол райондук партия комитетинин инструктору болуп эмгектенди. Андан кийин Аксуу айылындагы эң туңгуч, 1924-жылы Арстаналы Осмонбеков уюштурган мектепте ардактуу эс алууга чыкканга чейин мугалимдик кесипти аркалады. Көп жылдык асыл эмгеги үчүн Сатыбек агайга 1985-жылы СССРдин эл агартуусунун отличниги төш белгиси ыйгарылды. 


Зайыбы Бүбүайым апа, Сатыбек ата дагы эл агартуунун кызматкери болгон. Алар 8 уул-кызды тарбиялаган, урпактары дарыгер, инженер, жогорку окуу жайынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери болуп кыргыз элине кызмат өтөөдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн