«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» Ачык акционердик коомун Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жетектейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди.
«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казнасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн